7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын соттук иштери жабык өтүшү керек

317

Баяна Кулова социалдык тармактардан Кемпир-Абад боюнча өзүнүн оюн билдирди. Ал кармалгандардын иштери жабык өтүшү керек экендигин айтты.

“Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын соттук териштирүүсү «жашыруун» деген гриф менен өтөт. Кармалгандардын тарапкерлери сот ачык өтүшүн талап кылууда. Алар сот ачык өтпөй турганын өздөрү жакшы билишет. Ошол үчүн “сырттагы” блогер, журналисттери, фейктери аркылуу “ачык каралсын, мында жашыра турган сыр жок” деген линияны жылдырымыш болууда.

Себеби бийликтин мындай чечим кабыл алуусуна чоң негиз бар. Бул «Кемпир Абадды шылтоо кылып бийликти алмаштырабыз дегендердин артында башка мамлекеттердин атайын кызматтарынын туруусу. Алар Кыргызстандагы жайылтылган өкмөттүк эмес уюмдары, узак жылдап чоң каржат берип жүрүп өстүргөн “кадрлары” аркылуу каражаттарды өлкөгө алып кирип, андан ары арам ойлорун ишке ашыруу үчүн бөлүштүрүп турушкан. Алардын “казначейи, инкассатору” Равшан Жээнбеков. Эсиңиздерде болсо, “Кемпир-Абадды коргоо кыймылы” жолугушуу өткөргөн кафедеги сүйлөшуүлөр коомчулукка чыгып, анын ичинде Гулнара Журабаеванын “…журналист, блогерлер жазгыла, тик-токко чейин чыгыш керек ..” деген жайы бар. Бул багыттагы кампанияга ири сумма каралган.

Башкы максаты – бийликти күч менен алмаштыруу.

Эми, чын эле ушундай четтен каржылоо болсо, фактылар кана деген суроо болушу мүмкүн. Фактылар бар. Кайсыл чет өлкөнүн жараны кайсыл өкмөттүк эмес уюмга канча каражат которгону, кайсыл активистке канча миң “жашылбайды” нак санап бергени, кайсыл саясатчы кайсыл чет өлкөлүк куратору менен байма-бай жолугуп, баалуу инструкцияларды алып турганынан бери так фактылар бар. Болгону алар коомчулукка чыгып кетсе эл аралык мамилеге доо кетет.

Эл аралык тажрыйбада кайсыл бир мамлекеттин өкүлдөрү ички ишке кийлигишкени такталса ал мамлекет менен карым-катышты дароо үзүп салбай, дипломатиялык каналдар менен нота жиберип, өз ара түшүндүрүү иштери жүрөт. Ошол эле учурда кармалгандар боюнча соттук териштирүүлөр жабык өтөт берет. Мына ушундай.”,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

318