7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кенчилерден 2,5 млн сом паранын бир бөлүгүн алып жаткан директор кармалды

796

Мамлекеттик ишкананын директору 1 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматына ылайык, кармалган мамлекеттик ишкананын директору инвесторлорду кендерди иштетүүгө лицензиясынан ажыратуу менен коркутуп, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын жана 2,5 млн сом өлчөмүндө пара талап кылган.

Аталган директор башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары алып, аффилирленген номинациялардын үлүшүн каттап, андан кийин дагы 2,5 млн сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Б.А.Т., ошондой эле экинчи шектүү «Б.А.Н.» пара менен кармалды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шектүүлөргө тиешелүү айып тагылып, тергөө мезгилиндеги соттук бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык тиешеси бар адамдардын аракетине юридикалык баа берилет.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

797