Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына жана профессор Ракым Усубакуновдун жаркын элесине арналган “Табигый математикалык багыттагы предметтерди окутууга компетенттүү мамиле” аталышында IV Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Ал окуу жайдын физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан уюштурулган.
Конференцияны ректор Айгүл Абдраева сөз сүйлөп ачып берди. Андан соң, ф.-м.и.д., профессор. Керимбеков А.К., т.и.д., профессор Тлебаев М.Б., п.и.д., профессор Алиев Ш.А., ф.-м.и.к., доцент Юсупов К.М. тарабынан «Дифференциалдык теңдемелер курсун окутуунун жаңы ыкмасы», «Кош дипломдук билим берүүдө салттык окутууну санарипке трансформациялоо платформасы», «Ракым Усубакуновдун окумуштуулук – окутуучулук ишмердүүлүгү жана мурасы», «Студенттердин көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн калыптандыруудагы санариптик технологиялык борборунун ролу» темаларында пленардык докладдар окулду.