7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боом капчыгайында автоматтык метеорологиялык станциялар орнотулууда

432

Боом капчыгайындагы сел жүрүү кооптуулугун болжолдоо үчүн автоматтык метеостанцияларды жана кошумча сенсорлорду орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Боом капчыгайынын орографиялык өзгөчөлүгүнө жана геологиялык түзүлүш шартына байланыштуу катуу жааган жаандан улам ички кокту-колоттордон пайда болгон сел суулары темир жана унаа жолдоруна түшүү кооптуулугу жаралып келет. Буга байланыштуу климаттын өзгөрүү шарттарында станциядагы метеопараметрлердин негизинде алынган белгилүү аймакка тиешелүү (локалдуу) маалымат алуу өзгөчө актуалдуу болууда.

«Учурда Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаменти “Кыргызстандагы Интернет коому” (ISOC) менен биргеликте инновациялык изилдөө долбоорунун алкагында кооптуу табигый процесстер болуу коркунучу бар аймактарда маалыматтарды “LoRaWAN” протоколу аркылуу берүүнү камсыздай турган эки автоматтык метеостанция орнотулууда. Станциялар жана кошумча датчиктер Боом капчыгайында Кыз-Күйө жана Көк-Мойнок айылдарына жакын жерлерге орнотулуп, автоматтык метеостанциялар жана кошумча датчиктер температура, нымдуулук, басым жана жаан-чачындар сыяктуу метеорологиялык көрсөткүчтөрдү так жана системалуу түрдө баалоого, көзөмөлдөөгө ошондой эле алардын селдин пайда болуу процесстерине тийгизген таасирин тереңирээк изилдөөгө мүмкүндүк берет. Жогоруда аталган станцияларды жана кошумча датчиктерди орнотуу иши аяктаса, аба ырайынын параметрлерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү менен өз учурунда чечимдерди кабыл алууга үчүн так маалыматтарды алууга, сел процесстеринин пайда болуусуна тийгизген таасирин тереңирээк изилдөөгө мүмкүндүк берет»- деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

433