7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы кереметтүү көлдөр уламыштарда кандай айтылып келген?

905

Кыргызстандын аймагында чокусун кар менен мөңгү каптаган бийик тоолор тоо ылдый аккан мөлтүр суулар, көлдөр ар кыл токойлор, шалбаалар менен талаалар, табигый жайыттар менен ар кандай кен байлыктар жайгашкан. Жаратылышыбыз абдан кооз жана кайталангыс болгондуктан туристтер байма-бай келишет. Бул макалабызда кереметүү көлдөрүбүздү тааныштырабыз жана көлдөр тууралуу уламыштарды айтып беребиз.

Ысык-Көл

Алгач эле Ысык-Көлүбүздөн баштабасак болбойт. Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Аянты жана суусунун көлөмү боюнча чоң кыргыз деңизи делет. Ал дүйнөдөгү эң чоң көлдөрдүн катарында. Көлдүн орточо тереңдиги 278 метр жана эң терең жери 668 метр. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 чакырымга, ал эми батыштан чыгышка 182 чакырымга созулат. Көл IХ кылымдан бери Ысык-Көл деп аталган. Ага чейинки аттары бөлөк. Ысык-Көл деген кыргыздын байыркы тилинен келип чыккан. «Ысык» деген биринчи компоненти сын атоочту эмес, ыйык, кооз, жакшынакай деген маанини берет. Ысык мамиле, ысык сүйүү, ысык достор дегендей. Качандыр бир кезде биздин ата-бабалар көлгө табынган. Ага түшүп, балык кармаган эмес, ыйык туткан.

Уламыш боюнча, Ысык-Көлдүн ордунда илгери чоң, капкалуу шаар болуп, калааны ач көз хан башкарат. Ал жигити менен шерттешкен сулуу кызды аялдыкка алууга киши жиберип, болгон байлыгын алдына жаят. Бирок ашыгын күткөн сулуу ага макул болбойт. Акыры хандын күч менен баш кошконуна каршы болгон кыз мунарадан боюн таштайт. Кыздын өлүмүнөн кийин шаарды суу каптап, дубалдарды суу тешип кирип, калаанын суу астында калгандыгы айтылат.

Соң-Көл

Тектоникалык типтеги Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте. Көлдүн аянты 278 чарчы чакырым, узундугу 27 чакырым 14 метрди түзөт. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү Соң-Көл тоо менен Молдо тоо кыркаларында жайгашкан өрөөндө. Соң-Көлдүн табияты кол тийбеген ары сырдуу, кооз. Суунун өңү аба ырайына жараша кубулуп турат. Айрым маалыматтарда аталышы «жакшынакай көл» дегенди билдирет. Дагы бир варианттарда «соно» сөзүнөн келип чыккан. Ак куунун баласын бизде соно деп аташкан. Соң-Көлгө ак куулар көп учуп келип, жайкысын сүзүп жүрүшкөн. Муну менен бирге Соң-Көлдүн этимологиясын «акыркы, соңку көл» деп да чечмелегендер жок эмес. Соң-Көлдүн суусун ичсе болот.

Уламыш боюнча, илгери Теңир-Тоого бир хан келип отурукташып, ал жергиликтүү элге оор салык салат. Кыз-келиндерди күч менен тартып алып, ордого кызматка алат. Ага чыдабаган баатыр жигиттер залим ханга каршы чыгышканы менен алы жетпейт. Ошондо молдо, бүбү-бакшылар чогулуп дуба окуп, катуу жер титиреп, зулум хан ордосу жана аскерлери менен жер алдына кирип кетет. Ордуна таза, тунук көл пайда болот. экен. Ошол күндөн бери Соң-Көл залим хандан жабыр тарткан элдин, кыз-келиндердин көз жашынан пайда болгон көл деп айтылып келет.

Чатыр-Көл

Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Чатыр-Көл дагы тектоникалык типтеги көл. Көлдү түштүгүнөн Торугарт тоо кыркалары, түндүгүнөн Ат-Башы тоо кыркалары курчайт. Ал деңиз деңгээлинен 3586 метр бийиктикте. Чатыр-Көлдүн узундугу 23, туурасы 11 чакырымга созулуп, чарасынын аянты 153 чарчы чакырым. Тереңдиги 7 метрден 20 метрге чейин жетет.

Ошол жердеги бел же ашуудан караганда көлдүн формасы тигилип турган чатыр сыяктуу көрүнөт.

Мерцбахер көлү

Көлдөрдүн арасында кызыгууну жаратканы Борбордук Тянь-Шандагы Сары-Жаздын жайлоосунда жайгашкан, деңиз деңгээлинен 3304 метр бийиктиктеги Мерцбахер көлү болсо керек. Ошол жакта Хан-Теңири чокусунан Эңилчектин өрөөнү менен 60 чакырымга созулган мөңгү кетет. Ал Эңилчек өрөөнүнүн батышында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этек бөлүгүндө жайгашкан. Узундугу эки-үч чакырым, туурасы 1,1 чакырым, аянты төрт чарчы чакырым, тереңдиги 60-70 метрди түзөт. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омурулуп кулаган муз сыныктары (айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Көл жалпысынан экиге бөлүнгөн. Өйдө жагын муз каптап, ылдый жагы суу болуп агып турат.

Сары-Челек көлү

Сары-Челек бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Бишкектен 500 чакырым, ал эми Оштон 300 чакырым аралыкта, Сары-Челек коругунда, Чаткал тоо кыркасында жайгашкан. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 чакырым, суусунун аянты 507 гектар. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 метр бийиктикте. Коруктун айланасында Сары-Челек, Кыла-Көл, Чөйчөк-Көл, Арам-Көл, Ийри-Көл жана Бакалуу-Көл сыяктуу суулар бар. Эң эле чоңу Сары-Челек. Андан чыккан суу Кыла-Көлгө куюп, андан өзөн агып чыгат. Негизинен Сары-Челек көлүнүн өзүнүн аталышы — Тоскоол-Ата. Качандыр бир мезгилде катуу жер титирөөдөн улам көлдүн түштүк жагынан жер көчкөн. Ошол көчкү келип, дарыяны бөгөп калган. Ал жерде көчкүнүн изи азыр да байкалып турат. Ушул себептен жергиликтүү эл Тоскоол-Ата деп атайт. Бирок илимий материалдарга, картага Сары-Челек деп жазылып калып, Сары-Челек көлү аталып кеткен. Анын да Ысык-Көл сыяктуу ыйыктыгы бар, ушуга чейин эл табынат.

Ал эми Сары-Челек көлүнө түндүк тараптан куйган чакан эле суу болгон. Дагы бир эл оозундагы уламышта көлдү айланта жер жайнаган сары бал челектер коюлганынан улам Сары-Челек деп аталганы эскерилет. Сары-Челектин ылдый жагында Кыла-Көл бар. Аты айтып тургандай «кыла» деген ылдый же төмөн дегенди билдирет. Мындан башка Бакалуу-Көл деген кичинекей көл жатат. Анын жээгин сары камыш каптап, бакалар чардайт. Андан бери жагындагы Чөйчөк-Көлдүн формасы чөйчөктөй болуп турат. Ал эми Сары-Челектеги Арам-Көлдүн суусунун түсү жашыл тартып, балыр сыяктуу болуп турат. Бул көлгө оңой менен каз-өрдөк конбойт, суусун ичкенге да болбойт. Ошол себептен Арам-Көл аталган. Андан кийинки Ийри-Көл абдан кооз келет. Анын түзүлүшү ийри болгондуктан эл ушинтип атап койгон.

Ала-Көл

Ысык-Көл облусунун Каракол өрөөнүндөгү тоонун арасында Ала-Көл деген кызыктуу көл бар. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. Узундугу 2,8 чакырым, эң жазы жери 600-700 метрге жетет. Аянты 1,5 чакырымды түзөт. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 3532 метр бийиктикте. Мурда ушул көлдү көрүү үчүн көптөгөн туристтер барчу. Бул дагы татаал жерде жайгашкан. Баргандар желим кайыкка (резина) отуруп, суунун оозуна чейин барышат. Ал жерде сууну тоскон атайын таш бар, ошону көрүүгө кызыккандар көп. «Ала» деген бийиктикти туюндурат. Ала-Көл  — бул бийиктикте жаткан көл.

Көл-Суу

Көл-Суу (Көл-Тетири деп да аталат) — мөңгүлөрдөн чыккан көл. Суу сактагыч миңдеген жылдар мурда ири жер титирөөдөн улам жаралып, түндүк тарабында табигый дамба пайда болгон. Суу аска-зоолордун ортосундагы чоң жаракада кысылып тургандай элес калтырат. Узундугу 9-12 чакырымга созулса, туурасы 500 метрден 2 чакырымга жетет. Ал эми тереңдиги 5 метрден 10 метрге чейин деп эсептелинет.

Көл Нарын облусунун Аксай өрөөнүндөгү алыскы Какшаал-Тоо кырка тоосунда 3 514 метр бийиктикте жайгашкан. Кызыгы, Көл-Суу бир убакта «жоголуп» кетет, тагыраагы, суу тоо тектери аркылуу агып чыгат. Кышында бул агын суу тоңуп, жайында көлгө суу кайрадан толот. Жергиликтүү тургундардын байкоосу боюнча, кыш жылуу болуп кар аз жааса, жайкысын көлгө суу толбой калат.
Дагы бир өзгөчөлүгү — көлдүн түбү тунук болуп турганда жер астындагы үңкүрлөрдү көрүүгө мүмкүн. Суусунда балык жок болсо да, аймагында жапайы жаныбарлар, анын ичинде карышкыр, аюу, илбирс өңдүү жырткычтар жашайт. Ошондой эле көл өңү менен да арбап турат. Күндүн тийишине карап түсү ачык көгүш же жашыл болуп өзгөрүп турат. Көл-Суу Кыргызстандагы эң кооз тоо көлдөрүнүн бири деп саналып, соңку жылдары көп туристтерди тартып баштаганы байкалууда.

Беш-Таш көлү
Таласта Беш-Таш деген дарыя, өрөөн, жаратылыш паркы бар. Көлдүн аты да өрөөндүн, андагы дарыянын атынан Беш-Таш деп аталып, деңиз деңгээлинен 3008 метр бийиктикте жайгашкан. Аянты 54 гектарды ээлейт. Узундугу 1200 метр, туурасынын эң жазы жери 600-700 метрге жетет. Көл жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда болгон. Суусу тунук, мөңгү жана булак сууларынан толукталат. Июнь, июль айларында деңгээли көтөрүлүп сентябрь-май айларында кайра бөксөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (жилингир, алабуга, севан жилингири) бар.

Ошол Беш-Таш көлүнүн бери жагында жергиликтүү эл Беш-Каракчы деп атаган жерде моло сыяктуу орнотулган беш таш бар. Мына ушул таштар дарыяга, өрөөнгө жана көлгө дагы ат берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

906