Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыз чөгөлөп кечирим сураган видео социалдык тармактарга тарады.
Интернет колдонуучулары «Бойго жетип калган окуучу кызды мугалимдер окуучулардын көзүнчө чөгөлөтүп кечирим суратып жатышат? Бул эмне деген маңкуртчулук. Бойго жеткен кыз эртең өзүнө-өзү кол салбайт деп ким кепилдик берет?»- деп ар кандай пикирлерин жазышкан.
Билим берүү министрлиги менен байланышканыбызда, бул боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин айтышты.