Кенже Көбөкова «Кечирип кой» ыры менен интернет жылдызына айланган Байзакка комуз белек кылды. Бул тууралуу ырчы айым Кенже Көбөкова өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.
«Урматтуу достор сиздер сүйгөн кичинекей талантуу Байзак иниме жолуктум, аябай азамат бала экен үнүндө сөз жок. Өзүңүздөр билгендей жолуксам колунан кармап белегимди берейин дедим эле, себеби заманыбыздын залкары Замирбек Үсөнбаев агайыбыздын сөзү, обонуна таандык «кечирип кой» чыгармасын өз үнү менен мыкты деңгээлде ырдап, көптөгөн кыргыз элинин алкышына ээ болду, сиз ырдаган ырларды ырдайм деп, балалык баёо сезими менен жүрөктү элжиретти. Дагы көптөгөн элдик чыгармаларды мыкты ырдайт экен. Ушундай таланттарыбыз өсө берсин, кеп-кеңеш, жакшы каалоо-тилектеримди айттым. Көңүл деген жакшы нерсе. Жолугаарымды айттым эле ал күн да келди. Өзүмдүн иним болот экен, чын дилимден өзүмдүн атыман комуз белек кылдым, келечеги кең болсун. Сиздер да ак жол каалап, батаңыздарды берип коюңуздар. Ал эми Байзакты жарык дүйнөгө алып келген ата энесине өмүр берсин, ден соолук тилейм. Балдарынын ийгилигин көрүп кубанып жүрсүн демкечимин, апасы да аябай кең пейил адам экен. Чоң рахмат сизге, бар болунуз, жакшы күндөрүңүз эч качан бүтпөсүн. Биз Байзакка кең келечек каалап, бир эле Кыргызстанды эмес, дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн эр азамат уул болсун демекчибиз. Чыгармачыл инсанга биринчи моралдык колдоо керек. Кыргыз элинин батасы тийсин. Дүйнөнү дүңгүрөткөн ырчы болсун. Ак жол Байзак», — деп жазат ал.