7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Керемет Банктын” ишине байланыштуу Улуттук банктын мурдагы мүчөсү кармалды

519

“Керемет Банк” ААКтын ишине байланыштуу Улуттук банк башкармалыгынын мурдагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК банк тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Улуттук банкынын жетекчилигинин, «Керемет Банк» ААКнын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча, ошондой эле «Керемет Банк» ААКнын (мурдагы «Росинбанк») 8 миллиард сомдон ашык каражатты мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз инвестиция салууда көрсөтүлгөн, ал эми бул банктын иши чыгашалуу болуп, андан мурда мамлекетке 4,5 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада иш боюнча алынган далилдерди эске алуу менен көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы куратору Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү Ж.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле кылмыш жасоого катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары активдүү уланып, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

520