7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Керим Айдаров: Көөдөнү топук, көкүрөгү толо киши эле…

398

Журналист Керим Айдаров Нарын Айыпты эскерди.

«Билимдүү, акылдуу киши, бой көтөрбөйт, жөнөкөй болот дешет эмеспи. Нарын байке билимдүү, акылдуу, жөнөкөй эле. Биз бирге иштешип калдык. Эч кимге жамандыгы жок, өз көз карашы бар киши эле.

Эфир алдында дайыма акылдашып, кеңешип, билбегенимди билип алар элем. Өз кесибинин дыйканы эле. Элден эң мурда ишке келип, элден эң акыры кетээр эле. Саартан кечке баш көтөрбөй компютерди чукулап, жаза берет эле. “Ой, байке, сиз чаалыгып-чарчайсызбы деги, кичине эс алып койсоңуз”- деп тамаша кылып калсам, адатынча мыйыгынан гана күлүп коёр эле. Изденип, окуп, “ баланча, мынчанчы жылы ушинтип жазган, айткан экен”- деп тээ эл билбеген маалыматтарды айтып калаар эле…

Бу киши билимдүүлүктүн, маданияттуулуктун, сыпайыкерчиликтин, сабырдуулуктун нак жүзүн таанытып кетти. Бу киши сыйлык, наам деле албаса керек. Алганын деле билбейт экем. 70 аша жашады. Эмгегим сиңди эле деп айгай деле салбады. Көөдөнү топук, көкүрөгү толо киши эле…

Кызыгың түшкүр дүнүйө. Накем, жөнөкөй жашап, жөнөкөй жүрүп, жөнөкөй иштеп, анан жөн эле кетип калды… Кош Нарын байке, кош. Кыргыздын улуу тоолорундай бийиктигиңиз, улуулугуңуз, сыпайы, жөнөкөйлүгүңүз эсте калат…»,- деп эскерди Керим Айдаров.

 

399