Кичинекей балдар чогулткан каражаттарын Баткенге жардам катары жиберишүүдө. Бул тууралуу Өкмөттү Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, балдардын жардамын КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу боюнча комиссиясы кабыл алды.
Аты жөнү белгисиз болгон эки баланын топтогон 3 миң 215 сом каражаты, өкүлчүлүктүн атайын эсебине которулду.