Президент Садыр Жапаров эртең, 5-майда, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү — Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.
«Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт. Башталышы саат 10: 00», — деп берилет маалыматта.