Ю Цзянься аттуу кытайлык тургун кирпигин 20 сантиметрге чейин өстүргөндүгү үчүн рекордун жаңылады.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы дүйнөдө эң узун кирпик өстүргөнү үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда анын кирпигинин узундугу 12 сантиметр болгон.
2021-жылдын 20-майында китептин адистери анын кирпиктерин кайрадан ченеп, жаңы рекордду аныкташкан. Аялдын кирпиктеринин орточо узундугу 20 сантиметр болгон. Бирок алардын арасынан сол көзүндөгү бир кирпиктин узундугу 20,5 сантиметр экени аныкталган.
«Менин кирпиктерим тыным албай өсүп жатканын түшүндүм. Алар узаргандан узарып эле баратат. Кирпиктерим башкалардыкына салыштырмалуу эмне себептен узарып жатканын билиш үчүн дарыгерлерге да кайрылгам. Алар себебин айта алышкан жок, таң калышты», — деди Цзянься.
Белгилей кетсек, аял кирпик боёгучтарды таптакыр колдонбой турганын айтып, узун кирпиктери көзүн боёксуз сулуу көрсөтөрүн айткан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram