Кечээ, 14-июнда Новосибирск шаарындагы май куючу жайдан чыккан өрттөн улам жарылуу болуп, кесепетинен 30дан ашуун адам жабыркаган, арасында кыргызстандык 3 жаран бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарылуу саат 18:00дө Новосибирск шаарынын Октябрь районундагы Гусинобродское шоссесинде жайгашкан май куюучу жайда болгон.
Окуя болгон жерге КР башкы консулдугунун кызматкерлери барып, кырсыктан Кыргызстандын 3 жараны ар кандай деңгээлде күйүк алганы аныкталган.
«Жаракат алган жаран У.О.нун абалы туруктуу.Экинчи жаран, 2001-жылы А. уулу Н. жеңил күйүк (5% га жакын). Жабыркаган үчүнчү жаран 1988-жылы туулган А.Б. жеңил күйүк (болжол менен 7%) алып, шок абалда болгондуктан, кырсык болгон жерден кетип калган»,-дейт дарыгерлердин билдирүүсүндө.
Белгилей кетчү жагдай, жарылуунун натыйжасында, кыргызстандык жаран ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталды. Бул жарандар тез арада эвакуацияланганга жетишишкен.