7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ башчысы оператордун өмүрүн сактайм деп кызмат учурунда көз жумду

1315

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев оператордун өмүрүн сактайм деп кызмат учурунда каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, министр 55 жашта болчу.

Каргашалуу окуя учурунда алар Красноярск өрөөнүнүн губернатору Александр Усс менен бирге жаңы өрт станциясынын курулушунун жүрүшүн текшерүү үчүн келишип, машыгуу жүргүзүшкөн. Ал оператор экөө кырда турушкан, бир аз убакыттан соң оператор кокустан тайгаланып учуп кеткен. Анын өмүрүн сактайм деген министр дароо сууга секирген. Тилекке каршы министр дагы, оператор дагы жеринде жан беришкен.

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Владимир Путин каргашалуу окуя боюнча кабардар.

Зиничев 1966-жылы 18-августта Ленинградда төрөлгөн. Санкт-Петербург бизнес жана укук институтунун экономика жана финансы факультетин бүтүргөн.

  • 2013-жылы Башкы штабдын Аскердик академиясында кесиптик кайра даярдоодон өткөн.
  • 1984-1986-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Түндүк флотунда кызмат өтөгөн.
  • 1987-2015-жылдары мамлекеттик коопсуздук органдарында иштеген.
  • 2015-жылдын июнунан 2016-жылдын июлуна чейин  Калининград облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
  • 2018-жылы президенттин жарлыгы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы болуп дайындалып, 2020-жылы кайрадан бул кызматты ээлеген.
  • 2020-жылдын 21-декабрында ага армиянын генералы наамы берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1316