7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Владислав Шулико менен жолугушуп, фондунан 500 миң сом берди

463

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өткөн кыргызстандык суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан  кабатырланып атты», — дейт Садыр Жапаров.

Аны менен катар Президент Владислав Шуликонун жетишкендиги жөнүндө Гиннестин рекорддор китебине билдирме берүү үчүн  каражаттын жетишсиздигине байланыштуу  кыйынчылыктардан кабардар экенин билдирди.

Садыр Жапаров мамлекет өз тарабынан активдүү жаштарды колдоого алып жана спорттук жетишкендиктерге дем берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Буга байланыштуу Президент өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү.

Өз кезегинде, суучул Владислав Шулико Мамлекет башчысына моралдык жана материалдык колдоосу үчүн чын дилинен  ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ага максатына жетүүсүнө Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытууга болгон каалоосу шыктандырган.

«Мен өз алдыма ушундай татаал тапшырма, максат  коюп жана аны ишке ашырарыма өзүм анчалык ишенген жокмун. Бирок, сүзүп баштагандан кийин мен токтоно албай, өзүмө рекорд коем деп сөз бердим. Анткени Президент өзү мага ишенди, бүт өлкө мага ишенип, күтүп атты. Биздин эл өтө ынтымактуу», — деп белгилеген спортчу, дагы бир жолу бардык кыргызстандыктарга ага ишенгени үчүн ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

464