7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ Казакстан аркылуу Россияга сапарга чыкпай турууну сунуштайт

482

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун берген маалыматына ылайык, 8-февраль күнү аба ырайы кескин өзгөрүлүп Самара—Шымкент унаа жолунун айрым жерлеринде   кар күрткүдөн улам унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Кызыл-Орда жана Түркестан шаарларына жакын тилкелерде унаа жолу толугу менен жабылган.

9-февраль күнү Актөбе облусунун Кара-Бутак айылынан Хромтау шаарына чейин жеңил унааларга жол ачылган. Шаардагы №3 жана №5 орто мектептеринде ачылган жылынуучу пункттарга жолдо калган жарандар тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган.

Учурда «Казавтожол» ААКнын жана Казакстан Республикасынын куткаруучулары жолду ачуу боюнча иш алып барууда.                  

Мындан улам Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандык жарандарды Казакстан аркылуу Россия Федерациясына жана Казакстандын аймагына  убактылуу унаа менен баруудан карманып турууга чакырат.

483