Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев бүгүн, Өкмөт башчысынын катышуусу менен Бишкек башкы архитектурасындагы жыйында архитектура кызматы менен курулушчуларды сынга алды.
“Архитектура менен курулушчулар, шаарды кандай абалга алып келип койдуңар? Жолдор тар, тратуар жок, ыш, жашоо мүмкүн болбой калды биздин шаарда. Жашыл бак олтургузуунун ордуна, бүт дарактарды кыйып бүтүп калдыңар. Ооба, курулуштун кооздугун карап жатасыңар, бирок экологияны да эске алыш керек да. Өтүп бараткан кыш баарыбызга көргөздү, биздин шаарда жашоо канчалык кооптуу экендигин.
Эгер курулуш нормалары бузулса, көп кабаттуу үй курулуп бүткөнгө чейин, дароо токтотуш керек аны. ”-деди Ажикеев.
Ал ошону менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан абанын сапатын текшерген 50 датчик алынып, Бишкек шаарынын баардык аймактарына коюлганын эскертти. Датчиктер кыш мезгилинин аягында Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен алынып келинген.
Шаардын абасынын сапатын билүүгө кызыктар тургундар каалаган учурда көрсөткүчтөр менен таанышып турса болот.