Социалдык тармактарда эркек киши көчөдөн кош бойлуу аялды бир нече жолу бычактап, андан соң качып кеткендиги тууралуу видео тарады. Тергөөнүн жүрүшүндө окуя Котельники шаарында болгону аныкталган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кол салган жаран маркумдун бир тууганы экени аныкталган. Ал никесиз кош бойлуу болуп, үй-бүлөсүнүн жүзүн жер караткандыгы үчүн ушундай жолго барган.
«Тергөөдө окуя Котельники шаарындагы көп кабаттуу үйдүн короосунда болгону айтылат. Кылмышкер 43 жашта, ал эми маркум карындашы 40 жашта болгон. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген. Ошондой эле тергөөчүлөр маркумдун боюнда бар экенин, ал эми ага кол салган анын бир тууган байкеси экенин тастыкташты», — деп берилет маалыматта.