Бүгүн, 16-февралда ӨКМ министри Бообек Ажикеев депутаттар берген суроолорго жооп берди. Ал тирүү адамдарды издөө иштерин Түркия тарабынан токтоткула деген буйрук келгенин айтты.
“Түркияда абал өтө оор. Кечээки маалыматка карата каза болгондордун саны 37 миң адамга жетти. Болжол менен 120-130 миң адам каза болушу мүмкүн деп жатышат. Түркиянын ИИМ министри расмий түрдө мурда күнү куткаруу жумуштарын токтоткула деп айтты. Себеби, акыркы чыгарган тирүү адамдардын ички органдары иштебей, кыймылсыз жаткандыктан ириңдеп, иштен чыкты. Алар жашоо менен өлүмдүн ортосунда болуп калышыптыр”,-деди ал.