Бүгүн, 11-июнда Өкмөт үйүнүн алдында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Атадагы филиалынын башчысы Мырзабек Шамшиев менен “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин директору Эрнест Сулайманбековду кызматтан кетирүүнү талап кылган митинг болуп өттү.
Пикетчилердин бири, Алга айыл чарба кооперативинин төрагасы Нурдин Иманалиев билдиргендей, 2021-жылы 26-майда Ысык-Ата райондук прокуратурасы Шамшиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси («пара алуу») боюнча кылмыш ишин козгогон.