Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылдын сентябрь айында өтөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараны өткөрүүнүн мөөнөтү пандемияга байланыштуу кийинки жылга белгиленди. Кыргызстан атайын маданий программаны даярдайт. Анда «Көчмөндөр ааламы» этнофестиваль уюштуруу каралууда. Каада-салт, үрп-адат, кол өнөрчүлүгүбүздү дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп билдирди.
Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-түрк маданий байланыштарын чыңдоого багытталган бир катар келишимге кол коюлганын баса белгиледи.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун Туркия Республикасына расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-түрк маданий кызматташтыгын арттырууга багытталган төмөнкү келишимдерге кол коюлду. Алар:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
—Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу
— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— 2018-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол.