Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял 3 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 22-январында Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш аял арыз ээсинин ишенимине кирип 2010-жылдан 2019-жылга чейинки аралыкта Жогорку окуу жайлардын биринде окууга тапшырууга жана документ топтоого жардам берем деп 340 миң сом акчасын ээлеп алып, убадасын аткарбай качып жүргөнүн жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси «алдамчылык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1966-жылы туулган аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Ленин райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, шектүү СИЗО-1ге бир айга камакка алынды. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу такталып жатат.