7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШ Кеңешинин жыйынына катышуучу мамлекет башчыларын тосуп алуу аземи болду

549

Бүгүн, 13-октябрда, Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кеңешинин жыйынына катышуучу өлкө башчыларын тосуп алуу аземи болду.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедевдер келишти.

Президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлдон тосуп алды.

Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары КМШ Кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышуу үчүн залга киришти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

550