7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШ оюндары: Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары 6 медаль утту

639

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Минск шаарында (Беларус) өтүп жаткан КМШ оюндарында 6 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Балбандар 1 күмүш жана 5 коло медаль уткан. Улан Муратбек уулу (55 кг) күмүш медаль тагынса, Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Баяман Каримов (63 кг), Самат Аманат уулу (67 кг), Ырысбек Максатбек уулу (77 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медалдын ээси болушкан.

Эскерте кетсек, Беларуста өтүп жаткан КМШ оюндары 4-14-август күндөрү өтөт. Ага 24 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышат. Спорттун 21 түрү боюнча 1 миң 672 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандын атынан бул мелдешке спорттун 17 түрүнөн 200дөн ашык спортчу катышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640