Бүгүн, 14-март күнү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде биринчи жолу PhD диссертациясын ачык коргоосу өттү.
Базалык докторантура (PhD) программалары КМТУда 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 токтомунун негизинде ишке киргизилген. Программа 2024-жылдын 27-августунда Министрлер Кабинетинин № 517 токтому менен жаңыланган.
PhD программасынын алгачкы бүтүрүүчүсү Конкубаева Нурзат Ургазиевна «Жардырылган буудай дандарынын негизинде байытылган таңкы тамак технологиясын жана рецептурасын иштеп чыгуу» темасындагы диссертациялык ишин ийгиликтүү коргоду.
Илимий жетекчилери:
Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич – техника илимдеринин доктору,
профессор (Кыргызстан)
Рута Галобурда – инженерия илимдеринин доктору, профессор (Латвия)
Диссертациялык иш КМТУнун «Тамак-аш илими жана технологиясы» кафедрасында аткарылган. Конкубаеванын изилдөөсү илимий жана практикалык жактан чоң мааниге ээ.
Диссертациялык ишинин жыйынтыгы боюнча:
9 илимий макала жарыяланган, анын ичинен 3 макала Scopus эл аралык илимий базасында индекстелген. Кыргыз Республикасынын № 1469 «Бадырак ванильный» патенти алынган.
ОсОО «Макый-Дан» ишканасында ваниль кошулган жана сүт сары суусу менен жардырылган буудай технологиясы өнөр жайлык апробациядан өткөрүлүп, учурда «Бадырак ванильный» аттуу азык серийалык негизде өндүрүлүп, сатыкка чыгарылууда.
Эл аралык кызматташтык жана PhD программасынын аккредитациясы PhD программасын ишке ашырууда Германиянын өкмөтүнүн тапшырмасы менен Эл аралык Герман кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү» долбоору чоң салым кошту.
Анын жардамы менен «Азык-түлүк продуктуларынын технологиясы» багыты боюнча докторлук программасы Казакстандагы НААР аккредитация агенттигинен 5 жылдык эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өттү.
Бул багытта өзгөчө эмгек т.и.д., профессор Мукраама Мусульманова жана т.и.д., доцент Римма Элеманова тарабынан жасалды.
КМТУдагы алгачкы PhD диссертациясын коргоо – бул Кыргызстандагы илим менен жогорку билим берүүнүн өнүгүүсүндө жаңы баскыч болуп, жаш окумуштуулар үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана илимий изилдөөлөрдү өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.