Камил Чоткараев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Кочкор районунун буга чейинки акими Эрмекбай Омошев президент кол койгон тескемеге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды.