7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кокос жемишинин ден-соолукка пайдасы

617

Кокос — өзгөчө жыты жана укмуштай даамы менен бизге белгилүү экзотикалык жемиш. Ал косметологияда кеңири колдонулат, анткени чачты, терини жана тырмактарды мыкты абалда кармоого жөндөмдүү болуп, адамга сулуулук жана ден соолук тартуулайт. Мындан тышкары, адамдын денесине пайдалуу кокос майы да бар.

Кокос португалдардын «Сосо» (маймыл ) деген сөзүнөн келип чыккан. Мындай аталыш жаңгактын бетиндеги темгил тактардын маймылдын мурдуна окшоштугунан улам коюлуп калган.

Мекени Түштүк — Чыгыш Азия. Бийиктиги 27-30 метрди түзөт. Кокос жаңгагынын салмагы 2,5 килограммга чейин жетет. Жаңгактары топ-топ болуп 15-20 даанадан өсөт да , 8-10 айда бышат . Кокос пальмасы 50 жылга чейин жашайт жана бир жылда 60 -120 даана жаңгак берет. Быша элек жангактары койр деп аталып, алар самын, косметика каражаттарын чыгарууда , маргарин жасоодо колдонулат. Бир жаңгагынан 0,5 литр түссүз кокос сүтү алынат. Кокосту эң көп өндүрүүчү өлкөлөр болуп, Индия жана Филиппин эсептелинет. Кокос сүтү жана кокос эти күч кубатты калыпка келтирип, көрүүнү жакшыртат.

Кокос майы жана кокос эти курамындагы лаурин кислотасынын арты менен кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат. Кокос майы тамак аш кылуучу системдин, калкан сымал бездин жана боордун иштешин калыптандырат.

Иммунитетти көтөрөт. Ичтин ооруусун алдын алып, ар кандай ич ооруларга жардам берет. Кокосту чийки жесе да, жашылчаларга кошуп жесе да болот. Кулинарияда көбүнчө кокос сүтү колдонулат. Сүтүнөн суусундуктар жана десерт даярдалат. Башкысы  кокос сүтү суусундукту жакшы кандырат. Этин жашылчадан жасалуучу тамактарга кошушат. Көпчүлүк айымдар кокостон маска жасап бетти агартуучу, кургатпоочу каражат катары колдонуп келишет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

618