Чүй облусунда “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо жол кырсык орун алып, унаа тосмону сүзгөн. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-ноябрда «Honda Fit» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолду экиге бөлүп турган тосмону сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 1991-жылы туулган М.Ш.О аттуу жаран жаракат алып, Сокулук аймактык ооруканасына жеткирилген.