Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
«Окуя бүгүн, саат 11:13тө болгон. Бала сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн соң, 11:27де «Тез жардам» кызматы барганда бала суунун үстүнө калкып чыгып калган. Окуяга байланыштуу реанимациялык иш-чаралар жасалган. Баланын каректери кеңейип, өпкөсүнө суу толуп калган» деп айтылат маалыматта.
Каза болгон бала №95 мектептин 3-классынын окуучусу экендиги такталды.
«Ала-Тоо» аквапаркы убактылуу жабылганы белгилүү болду.