Бишкекке Түркиядан 35 автобус келе жатат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирген.
Анын айтымында, жаңы автобустар Бишкек мэриясы тарабынан сатып алынды. Автобустар экспресс каттамдарга да чыгат. Мисалы, “Манас” аэропортуна чейин каттайт.
«Автобустар майыптыгы бар жарандар үчүн көтөрүүчү механизмдер менен жабдылган. Бүгүнкү күндө борбордо 1 миң 376 автобус бар. Күн сайын линияга 1 миң 70 автобус жана 108 троллейбус чыгууда. Дагы кошумча автобустар алынып келип, региондорго берилген троллейбус каттамдарынын ордуна чыгат», — деген Ырсалиев.