7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Конституциядан «светтик» деген түшүнүктү алып салуу сунушталууда

203
активист Нооманжан Аркабаев

Конституциядан «светтик» деген түшүнүктү алып салуу сунушталууда. Бул тууралуу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча кеңешменин жыйынында активист Нооманжан Аркабаев билдирди.

Анын айтымында, «светтик» деген сөздүн ордуна «алдыңкы илимге маданиятка негизделген мамлекет» дегенди киргизүү сунушталууда.

«Молдолордун чоң жамааты чакырып силерге мындай салам айтты. Алар «светтик» деген сөздү алып таштагыла деп жатышат. Светтик деген сөздү алып салуу такыр туура эместир, мен светтик деген сөздүн ордуна алдыңкы илимге маданиятка негизделген мамлекет дегенди киргизүүнү сунуштайм», — дейт Нооманжан Аркабаев.

Белгилей кетсек, буга чейин дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акин Токтоналиев Баш мыйзамдан «светтик» түшүнүктү алып салуу зарылдыгын белгилеген.

Светтик өлкө — дин менен мамлекеттик эки бөлөк экенин, дин жана диний иштер өлкө саясатына аралашпасын, жарандарга дин тутуу эркиндиги камсыз кылынарын кепилдейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

204