7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Контрабанда жолу менен алынып келинген 660 даана телефондор табылды

791

«Кольцо» өткөрмө пунктунан аткезчилик менен алынып келген уюлдук телефондор кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 22-июнунда «Кольцо» өткөрмө пунктунан УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик баажы кызматынын (МБК) «Баткен» бажысы менен бирдикте, Ш.К.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы «Opel Zafira» маркасындагы авто унаа токтотулган.

Унаанын жүк салгычын кароодо кошуна мамлекеттен контрабандалык жол менен алынып келинген 10 куту 660 даана уюлдук телефондор табылып алынган.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

2022-жылдын 24-октябрында Лейлек райондук сотунун чечими менен, аталган уюлдук телефондорду ташууну уюштурууга катышкан КР жарандары У.М.С. жана К.Р.Б., күнөөлүү деп табылып, 320 миң сом айып салынган, ошондой эле мамлекеттин кирешеси катары уюлдук телефондор конфискацияланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

792