7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кургак учук жөнүндө маалымат

1675

Кургак учук – бул кургак учуктун, аларды көбүнчө Коха таякчалары деп аталуучу, микобактериясы аркылуу келип чыгуучу жугуштуу оору. Оору адамдын организминде ушул микробдорунун көбөйүүсүнө жооп катары гана өнүгөт.

Кургак учуктун негизги булагы болуп, өпкөнүн кургак учугу менен ооруган адам болот. Дем жолдорунан, өзгөчө жөтөлгөндө, кургак учуктун микобактериясын камтыган какырык чыгат. Какырыктын майда тамчылары жанындагы дени соо адамдын дем жолдоруна түшүшү мүмкүн. Какырык жер төшөмдүн же жердин, заттардын жана киймдердин үстунө конушу мүмкүн. Инфекция адамдын организмине гигиена эрежелерин сактабоо кесепетинен түшүшү мүмкүн — мисалы, коомдук унаалардын туткасы менен болгон катнашуудан кийин кол жуулбаса же жуулбаган жер-жемиштер, начар тазаланган эт жана кайнатылбаган сүт менен тамактанса.
Эгерде дем жолдоруна абдан көп кургак учук микобактерия таякчаларынын саны кирсе, организм мындай кысымга туруштук бербей калышы мүмкүн. Эгерде сиз көп убакытта кургак учукка чалдыккан менен катышсаңыз, сиздин организм туруктуу чабуулга дуушар келет да, ал инфекцияга натыйжалуу туруштук бере албай калуучу мезгил келет.
Организмде микобактериялардын өнүгүүшүнө жардам берүүчү башка факторлор да белгилүү:

стресс — жан жана физикалык чыңалуунун күчөшү;

алкоголду ченемсиз кабыл алуу;
чылым чегүү;

аз же толук эмес азыктануу;

организмди алсыздандыруучу башка оорулар.

Балдар, өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар жана улгайып калган адамдар инфекцияга көбүрөөк туруксуз.

Оорудан кантип сактануу болот?

Кургак учукка чалдыкпаш үчүн ден соолукка пайдалуу жашоо мүнөз алып жүрүү керек. Чың ден соолук үчүн соо нерв системасы керек, ошондуктан стресстен качуу зарыл. Тамак толук болуп, сөзсүз жетишерлик сандагы белокторду камтыш керек. Ден соолукту сактоо үчүн зарыл шарт катары күнүмдүк ченемдүү физикалык күч келтирүү болуу керек. Чаң, шамалдаттырылбаган орун жайлар кургак учук бактериялардын жайылышына ылайыктуу шарт түзөт. Оорунун алдын алыш үчүн орун жайларды шамалдатып туруш керек.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1676