7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Контрабандалык дары-дармектерди чет өлкөгө жөнөтмөк болгон адам кармалды

742

Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Дарыгердин көрсөтмөсү боюнча берилүүчү, өзгөчө көп өлчөмдөгү дары-дармектерди Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен алып кирип жана Өзбекстандын аймагына алып чыгып жүргөн кыргыз жарандарынын кылмыштуу аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

5-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында Р.С.Г. аттуу кыргыз жараны тарабынан 9600 даана “Зардекс” (Индияда жасалган) дарылары ыктыярдуу түрдө берилди, анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарында 288 миң АКШ долларын түзөт.

Андан аркы тергөөнүн жүрүшүндө 6-июлда бул каналдын уюштуруучусунун жашаган дарегинде — Ош облусу, Кара-Суу району, Шарк айылы, Мадумаров көчөсү боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 591 даана “Тропикамид” (көзгө тамчылатчу) дарылары алынды.

Келтирилген зыяндын суммасы 5 млн 867 миң сомдун тегерегин түздү.

Жогоруда табылып алынган дары-дармектер Өзбекстандын аймагына жөнөтүү үчүн эч кандай уруксаат кагаздары жок Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келген, ал жакта жаштар бул дары-дармектерди жеңил баңгизат катары колдонушат.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында аталган жаран Кара-Суу РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча издөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

743