7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Президент «Бишкекнаабайкана» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

334

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарындагы «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына барды. Мамлекет башчысы ишкананын ишмердиги, өндүрүш технологиясы менен таанышып, жетекчилик менен иштин өзгөчөлүктөрүн талкуулады.

Президентке маалымдалгандай, наабайкана муниципалдык социалдык объектилерди жана мекемелерди, атап айтканда, бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды жана калктын социалдык аялуу катмарын нан азыктары, кондитердик жана башка жеткиликтүү баадагы продукциялар менен камсыз кылат.

Ишкананын өзүнүн лабораториясы бар, ал өндүрүлгөн нан азыктарынын жогорку сапатын камсыздайт. Ишканада өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 20 миң даанага чейин нан чыгарган нан бышыруучу жабдуулар иштейт.

Өндүрүш процессинде эң жогорку сапаттагы продукцияны минималдуу ресурстарды сарптоо менен алууга мүмкүндүк берген алдыңкы технология колдонулат, бул өндүрүш циклинин ичинде адамдын продукция менен байланышын жарым-жартылай жок кылат.

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында ишканада 83 тонна нан өндүрүлгөн. Бирок, бүгүнкү күндө өндүрүштүк кубаттуулуктун 25-30% гана иштеп жатат. Наабайкана өз ишин чарбалык эсептөө жана өзүн-өзү каржылоо шарттарында жүргүзөт.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык наабайкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле мамлекет башчысы мамлекеттик түзүмдөргө, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо объекттерине, ички иштер органдарына жана башкаларга өз муктаждыктары үчүн продукциясы кепилденген сапатка жана жеткиликтүү баага ээ болгон «Бишкекнаабайкана» ишканасынан нан азыктарын сатып алууну тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

335