Жайдын аптаптуу ысык күндөрү башталып, базарларда сезондук мөмө-жемиштер сатылууда. Алсак, дарбыз менен коон чаңкообузду кандырып, көпчүлүктүн көңүлүн буруп турат. Тилекке каршы, ар дайым эле сатып алган жемишибиз оюбуздагыдай чыгып, күткөнүбүздөй болбой калышы мүмкүн. Чындыгында, мөмө-жемиштерди тандоо жеңил эмес. Сатып алууда эмнеге көңүл буруу керектигин алдыда айтып беребиз.
Дарбызды кантип туура тандоо керек?
Дарбыздагы сызыкчалар жана бети:
Дарбызда кара сызыкчалар бар болсо, бети жылмакай жана жалтырак болсо жемиш бышкан. Жаракалары бар дарбыздан алыс болуңуз.
Сары так: Ачык сары же каймак тактар дарбыз жерде бышып жатканынын белгиси. Ал канчалык каныккан болсо, жемиш ошончолук бышат.
Катуулугу: Кабыгы катуу жана калың болушу керек. Жумшак болсо эскиргендигинен кабар берет.
Уруп көргөндөгү үн: Бышкан дарбыздан шыңгыр, катуу үн угулат.
Салмагы: Оор дарбызда шире көбүрөөк болгондуктан, ал ширелүү жана даамдуу болот.
Коонду кантип туура тандоо керек?
1.Жыты — Коондон жыпар жытту жана ачык таттуу жыт чыгып турса, бышканын көрсөтөт. Эгерде жыты жок болсо — быша элегинин белгиси.
2. Сырткы көрүнүшү — Бир калыпта саргыч же ачык күрөң болгону оң. Тактары,жаракалары жана көгөргөн жерлери болбошу керек
3. Сабагы — Кургак жана калын болсо — бышкан. Жашыл болсо — эрте үзүлгөн.
4. Формасы — Тегиз, бекем жана оорураак коон жакшы.
5. Уруп көргөндөгү үнү — Кол менен черткенде жымыңдаган, көмүскө үн чыкса бышкан.Үнсүз же жумшак болсо ал быша элек жемиш
6. Кабыгы — Катуу эмес, манжа менен басканда бир аз ийилип турса ал — ширелүү коон.
Дарбыз менен коонду колдонуу жолдорунун өзгөчө түрлөрү:
1. Суусундуктар
• Дарбыз , лимон жана жалбыз менен— табигый детокс-коктейлин жасоого болот
• Коон, кокос суусу жана муз менен — организмге магний жана калий толтуруучу сергитүүчү ичимдик алабыз
• Дарбыз менен коондун ширесин жана муз кошуп, табигый жана витаминдүү суусундук ала алабыз
2. Салаттар
• Дарбыз, фета сыры жана жалбыз менен — туздуу-таттуу даам кошулган өзгөчө салат болот
• Коон, козу карын жана зайтун майы менен — экзотикалык жеңил салат болот.3. Десерт жана балмуздак
• Дарбыз жана коонду кичинекей бөлүктөргө бөлүп, тоңдуруп, блендерден өткөрүп, балмуздак кылып даярдаса болот.
• Йогурт менен аралаштырып, муздатылган крем десерт жасоого мүмкүн.
4. Кабыгынан татымал
• Дарбыз кабыгынан (ак бөлүгүнөн) татымал же маринад даярдоого болот.
• Аны кайнатма кылып, имбирь жана лимон менен кошсо — суук тийүүгө каршы табигый дары болот.
5. Смузи жана ботко
• Коонду банан же авокадо менен аралаштырып, таңкы смузи катары ичсе болот.
• Дарбыз ширесине овсянка (солому) кошуп, муздак ботко жасоо — ысыкта тоюучу, жеңил эртең мененки тамак.