Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлүп, ага Таалатбек Масадыков дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Аталган жарлык Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылган.
«Жарлык менен Коопсуздук кеңешинин курамына Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды», — деп берилет маалыматта.