7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
98,48
EUR 0,00%
1,18
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
6°C

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык кеңештин башкы катчысы дайындалды

283

Бүгүн, 12-июль Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Муканова Нуруйпа Аалиевна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды.

Эске салсак, буга чейин Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

284