7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө ишкерлерди коркутуп акча чогулткан уюшкан кылмыштуу топ кармалды

609

Ысык-Көлдө жеке ишкерлерден коркутуу жолу менен акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, июнь айынын башында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч колдонуп, коркутуу жолу менен жеке ишкерлерден акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында жеке ишкерлерден акча талап кылган шектүү адамдардын өздүктөрү аныкталган. Алар ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары турушкан.

Шектүүлөр Бостери айылынын 27 жаштагы А.Т., 24 жаштагы А.Р. жана Б.Б. аттуу тургундары болуп чыгышты. Андан кийинки ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр мыйзамсыз баӊгизатты сактап жүрүшкөндүктөрү аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жорктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 268-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошондой эле Жазык-процесстик кодексинин 205-беренеси (“Тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби”) менен 206-беренесинин (“Жеке тинтүү”) негизинде кылмышка шектүүлөргө карата тинтүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынган.

“11-июль күнү шектүү А.Р. жана Б.Б. “Инфинити” автоунаасы менен бара жатышканда Бостери айылынын көчөлөрүнүн биринде милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда кийип жүргөн кийимдеринин чөнтөктөрүнөн жапайы кендир жыты бар зат табылып алынды. Андан тышкары, автоунаанын ичинен 16-калибрдеги колго жасалган кесилген ок атуучу курал да табылып алынды. Алынган заттын салмагы 12 граммды түздү”, — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-химиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

610