7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коопсуздук кеңешинин президент бекиткен жаңы курамы менен таанышып алыңыз

831

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

— Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
— Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары;
— Коопсуздук кеңешинин катчысы;
— Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
— Жогорку Кеңештин Төрагасы;
— Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
— Президенттин Администрация башчысы;
— мамлекеттик катчы;
— башкы прокурор;
— коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

832