Мурдагы президент Аскар Акаев россиялык белгилүү ырчы Филипп Киркоровго 2020-жылы өзүнө таандык кымбат баалуу үйүн сатканы тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу «Новый Век» телеграм каналы ырчынын кымбат баалуу үйлөрүн тизмектеп жазып чыккан.
«Филипповский» турак жай комплексиндеги эки кабаттуу пентхаус жалпы 537 чарчы метр аянтты ээлейт жана Москванын борборундагы Гоголевский бульварынын жанында жайгашкан.
Бул батирден тышкары, Филипповский комплексинин 190 жана 209 кв. чарчы аянты Филипп Киркоровго таандык. Пентхаустун базар баасы 1 миллиард рубль, бирок ырчы батирге канча акча төлөгөнү белгисиз.
«Батирди Акаевдин сатышы кээ бир жоромолдорду жаратууда. Балким, ал өз мекенинен кайтып келерине ишенбегендир, ошондуктан активдерди балдардын колуна өткөрүп берип, президенттин стандарттары боюнча кичинекей капиталды мүмкүн болгон конфискациядан коргоп калган. Же Киркоров анын активдерин номиналдык сактоочу кызматын аткарат, себеби ырчынын колунда нак миллиард болгон эмес. Акаев Москвадан мекенине учуп, кайра кайтып келгенин эске алганда, экс -президентке анын коопсуздугу үчүн акча керек болушу мүмкүн. Же болбосо балким ал мындан ары Москваны Бишкектен алыс жана коопсуз деп эсептебейт, ушуга байланыштуу коопсуз өлкөгө өтүүнү ойлоп жаткандыр. Белгилей кетсек, Кыргызстандын экс-президенти Филипп Киркоровду кыймылсыз мүлк сатуудан мурун эле таанычу. Орус ырчысы Акаевдин уулу менен Нурсултан Назарбаевдин кызынын үйлөнүү тоюнда концерт бергени бар», — деп жазылат Telegram каналында.
Белгилей кетсек, Асквр Акаевдин өзү же туугандары азырынча бул маалымат боюнча комментарий бере элек.