Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, Кореянын элчиси Ха Тэ Ёкту өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Марипов, пандемия учурунда Корея мамлекети жана жеке секторлор тарабынан да көрсөтүлгөн медициналык багыттагы гуманитардык жардамдык жардамдар үчүн кыргыз элинин атынан ыраазчылык билдирди жана заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык шайлоолорду өткөрүүдө мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним билдирди.
Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн жогорулатылышына, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүгө, корей компанияларынын филиалдарынын ачылышына кызыктар экендигин билдирди.
Ха Тэ Ёк корей тараптын Кыргызстан менен мындан ары карай кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен ишканаларды, атап айтканда, логистикалык борборлорду, өндүрүш ишканаларын түзүүгө, ошондой эле туристтик жана банк тармагында уюмдарды түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.