7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кореяда эмгектенген Даурбек Шаршенбеков: «Кыял башка реалдуулук такыр башка экен»

1440

Жакшы жашоо издеп кыйырга кеткен кыргыз көп. Айрымдары билим алып, илим үйрөнүүнүн жолунда жүрсө, көпчүлүгү жумуш издеп кеткендер. Бул ирет биздин «Чет жердеги мекендеш» рубрикабыздын каарманы Кореяда иштеп жүргөн Даурбек Шаршенбеков болду. «Кайсы гана жерде болбосун иштегениңе жараша айлык акы аласың, эч бир жерде оңой турмуш жок» деген маектешим Кореядагы жашоосу тууралуу айтып берди.

Өзүм жөнүндө айтсам аты-жөнүм Давурбек Шаршенбеков 29 жаштамын, Ош облусунун Араван районудагы Төө-Моюн айылынан болом. Мектепти аяктаган соң эл катары эле Россиянын Москвага шаарына мигрант болуп кеттим. Чет жерде сени эч ким башыңдан сылабайт да. Ар кандай кара жумуштарда иштедим. Албетте жаман болгон жокпуз. Москвада жүргөндө корейстер менен чогу иштеп калдым. Ошентип Кореяга болгон кызыгуум күчөдү. Кетүүнүн жолдорун издеп, карай баштадым. Анан Кыргызстанга барып 3 ай корей тилин үйрөндүм. Каалоо күч болсо баары болот экен. Анан экзамен тапшырып өтүп кеттим.

Бул жакка келгенде алгач  кафель чыгарган заводдо иштегем, албетте иш оор болчу. Эч бир жерде маңдайындан сылап, жеңил жумушка көп акча бербейт экен да. Анын үстүнө мигрант болсоң, кара жумушка гана келесиң. Кинодо көргөн Корея башка, жашоодо башка дегендей. (күлүп) Албетте иштегениңе жараша акча табасың. Ал жагынан кудайга шүгүр. Биринчи жумушум физикалык жактан оор болчу, аябай эле чарчап калчубуз. Ал шаар кичинекей Гуанжу деп аталчу. Азыр болсо Ансонг деген шаарда, керамика таштардын өлчөмүн аныктайбыз. Бул жерде жумуш жеңил бирок мээң чарчайт. Дайыма эсеп менен жүрөсүң. Кичинекей эле миллиметр ката кетип калса дагы өлчөмү дал келбей калат. Ошол себептен кылдаттыкты талап кылат. Бирок таза, тынч, акчасы дагы жакшы. Бул бир аз тил билгендигибиз үчүн дагы оңой болду.

Негизи кайсы жер болсо ошол элдин тилин билсең жашоо бир топ жеңил. Бизде азыр көптөр тил билбей келип аябай оор жумуштарда иштеп жаткан мекендештерибиз дагы бар. Бирок албетте мигрант болуп келген соң эч ким маңдайыңдан сылабайт. Жакшы акча табам десең баарына даяр болуп келиш керек.  Биз деле башында жеңил жумуштарды ойлоп келгенбиз. Бирок кыял менен реалдуулук такыр башка болуп чыкты. Акырындан жашоосун дагы көндүк, тилин дагы жакшыраак үйрөндүк. Билинбей эле келгенибизге 3 жыл болуп калды.

Корейстердин жакшы жактары көп. Абдан чынчыл, кичипейил, убадага бекем анан убакытка аябай эле так болушат. Улуу, кичүү дебей баары сыйды жакшы билет. Анан коопсуз өлкө. Кайсы гана жеринде болбо күндүз дагы, түндө дагы коркпой жүрө аласың. Эч ким сага эч качан тийишпейт же болбосо тынчыңды албайт. Мындайча айткандай мыйзам аябай катуу иштейт. Бул жакта тааныш же тууган менен жумуш бүтөрү, кызматка баруу деген түшүнүк жок.

Мурдагыга салыштырмалуу бул жакта кыргыздар көбөйдү. Дем алыш күндөрү, майрамдарда жолугуп аш жеп, футбол ойноп турабыз. Кадимкидей чер жазылып, сагынычтар таркап калат. Жумуш деп жүрсөң жүрө берет экенсиң, өмүр дагы өтүп кетип жатат. Башкалар 5-10 жыл мекенине барбай кантип жүрө беришет билбейм. Мен ушул үч жылда эле аябай сагынып кеттим. Буйруса быйыл барам деп ниет кылып жатам. Мекенге барып үйлөнүп, анан дагы көрөбүз. Негизи жакындарың жаныңда болуп, өз өлкөңдө иштегенге эмне жетсин. Чет жакта жүргөн баарыбыздын эле ой-тилегибиз ушул.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1441