Түштүк Кореянын Инчхон шаарында эмгектенген Кыргызстандык жаштар Баткен облусуна 2 тез жардам унаасын, бир унаа кийим кече, оюнчуктарды белек катары Корея өлкөсүнөн салып жиберди.
Мекендештердин аманаты, бүгүн, 22-сентябрда Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймактарындагы 2 айылга жеткирилди. Аны Ош шаарындагы достору алып барган. Алардын бири Медетбек Макеновдун маалыматына ылайык, бул демилге кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу учурунда айтылган.
«Чек ара чырында тажиктер тарабынан өрттөлгөн тез жардам унаасы, жергиликтүү тургундардын үй жайларынын өрттөнүүсү мекенден алыс жүргөн жаштарга оор таасир берди. Ошол учурда акча чогулуп башталган, тез жардам унаасы да ошондо эле алынган болчу. Аралык алыс болгондуктан ээми келип олтурат. Бүгүн биз, балдар өздөрү дайындаган боюнча, Баткен районунун Самаркандек айылы менен Лейлек районунун Максат айылына жеткирип келдик. Жакшы кабыл алып, рахматын айтышты«- дейт Макенов.
Унаалар заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Ар биринин суммасы 17 миң доллардан турат. Аны Кыргызстанга жеткирүү акысын кошкондо ар бири 25 миң долларды түзгөн. Андан сырткары каробкалап Кореядан кийин кече, жаш балдардын оюнчутары жиберилген. 25 мигрант жалпысынан 50 миң доллар акча каражатын чогултканы айтылат.