Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда өлкөнүн маданий, интеллектуалдык жана рухий дараметин өнүктүрүүгө салым кошкон, өз тармактарында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген маданият кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
«Экономикабыз менен социалдык абалыбыздын чакталуу экенине карабай, маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин аңдап-түшүнүп, аны алаканга салгандай кылып аяр сактап келе жаткан өнөр ээлерине миң мертебе ыраазычылык билдирем. Мен буга чейин да айткам, дагы да кайталап айтуудан тартынбайм — биз улуттук маданиятыбызды өнүктүрмөйүн, элибиздин аң-сезимин да, жашоо деңгээлин да жогору көтөрө албайбыз. Элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, биз күчтүү, бакубат коомду кура албайбыз», — дейт өлкө башчысы Жапаров.
Мамлекет башчысы өз мезгилинде өлкөнүн маданият тармагын болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыккан Күлүйпа Кондучалованын «Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар — кыргызды сактайсыңар», — деп айткан сөздөрүн эске салып, анда терең ой жатканын белгилеп, кийинки кадамы, бардык өнөр ээлерине терең изденүү менен татыктуу чыгарма жаратуусуна шарт түзүп берүү болорун белгиледи.
«Эми биз — мамлекет башындагылар күчтүү, бакубат кыргыз коомун курабыз десек, элдин аң-сезимин адабият менен маданияттын таасиринде калыптандырып, руханий дүйнөбүздү байытышыбыз кажет. Ал үчүн менин „Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө“ деген алгачкы Жарлыгым дагы дал ушул максатка багытталган», — деп билдирди.
Садыр Жапаров бүгүнкү күндө элибиз кезинде даңкы далайга кетип, «кыргыз керемети» деп атыккан ажайып көркөм фильмдерге, рухий жардылыкты толтуруучу көркөм адабиятка, муундар тажабай уккан музыкаларга, көркөм сүрөт искусствосуна муктаж болуп турганына өзгөчө көңүл бурду. Ал бул боштукту маданият ишмерлерин колдоого алуу менен толтурабыз деген илгери үмүт, иштиктүү пландар бар экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда Президенти Садыр Жапаров маданият чеберлерине кайрылып, элибиздин жан дүйнөсүн байыткан жаңы-жаңы чыгармаларды жаратууну улантуусун өтүндү. Президент бардыгына бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалады.