7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кореянын премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду куттуктады

295

Кореянын премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасы жана  Корея Республикасы ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулган 1992-жылдан тарта биздин өлкөлөр ар кыл тармактарда тыгыз кызматташып келүүдө. Биздин мамилелер активдүү өнүгүүдө жана жогорку деңгээлде турат. COVID-19 пандемиясына жараша түзүлгөн кырдаалга карабастан, биздин өлкөлөр ар кыл багыттагы, анын катарында  Электрондук Өкмөт, саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык тармагын кеңейтүүдө. Сиз менен бирдикте биздин өлкөлөр ортосундагы өз-ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө өбөлгө түзүүчү келечектеги тыгыз кызматташууга ишеним билдирем», — деп айтылат куттуктоодо. 

Корея Республикасынын Премьер-министри Чон Се Гюн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповго чың ден-соолук, ал өлкөнүн элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

296