Румыниядагы оорукананын коронавируска чалдыккандарды дарылаган бөлүмдө тутанган өрт кеминде тогуз адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн Констанца шаарындагы инфекциялык ооруканада чыккан. Ал маалда имаратта 113 бейтап болгон. Алардын ону жандандыруу бөлүмүндө эле. Өрт өчүрүп жаткан маалда бейтаптарды коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргөн.
Эскерте кетсек, Румынияны коронавирустун жаңы толкуну каптап жатат. Ушул күндөрү илдетке чалдыккандардын күнүмдүк көрсөткүчү 12 миңдин тегерегин түзүүп, 5 миллион калктын үчтөн бир бөлүгү гана коронавируска каршы вакцина алган.