Бүгүн, 1-октябрь–Карылардын эл аралык күнүнө карата президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районундагы жүз жаштан ашкан улгайган карыялардын үйлөрүнө барып, майрам менен куттуктады. Бул тууралуу аймактын кабарчы маалымдайт.
Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда 100 жаштан ашкан 33 улгайган адам бар. Алардын ар бирине ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 3 миң сомдон акчалай жардам берилген. Ал эми облуста 130 миң 757 пенсия курагындагы карыялар бар.
Аны менен бирге Сузак районундагы 200 карыяга майрамдык көтөрүнкү маанай тартуулоо максатында сый-тамак уюштуруп, концерттик программа тартууланды. Иш-чарага катышкан облус башчысы улгайган жарандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү аракеттери улантылаарын белгиледи. Өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүндө, жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүдө бүгүнкү улгайган жарандардын эмгеги чоң экенин айтып, аларга ден соолук каалады.
Ыйгарым укуктуу өкүл майрам алкагында Сузак районундагы карылар үйүнө барып, ал жердеги жарандардын абалынан кабар алды. Жардамга муктаж карыялар унутта калбасын белгилеп, мекеме жетекчилигине улгайган жарандарга сый-урмат менен мамиле жасоо, керектөөлөрүн камсыздоого көңүл буруу зарылдыгын эскертти.