Индияда аныкталган коронавирустун «Дельта» деп аталган жаңы түрү дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
«Азыркы учурда биз 92 мамлекетте коронавирустун индиялык штаммы же дельта варианты бар экендигин билебиз. Бул нерсе бизди тынчсыздандырууда. Анткени аталган штамм дүйнө жүзү боюнча тез жайылып жатат», — деп билдирген ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керхове.
Буга чейин Англиянын коомдук медицина кызматы жаңы штамм коронавирустун башка түрлөрүнө караганда 64 пайызга көбүрөөк жугуштуу жана учурдагы вакциналарга бир аз чыдамдуу экендигин билдирген.
Ошондой эле индиялык штаммды жуктуруудагы белгилери: ичтин оорушу, кусуу, жүрөк айлануу жана угуунун начарлап, ооруканага жатып калуу коркунучун туудурат.