Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус дагы 931 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдирди.
Алар:
- Бишкек шаарында – 435,
- Ош шаарында – 147,
- Чүй облусунда – 129,
- Ош облусунда – 93,
- Талас облусунда – 4,
- Нарын облусунда – 5,
- Ысык-Көл облусунда – 27,
- Жалал-Абад облусунда – 50,
- Баткен облусунда – 41.
«Ал эми бир суткада 522 адам илдеттен сакайды, алар:
- Бишкек шаарында – 232,
- Ош шаарында – 119,
- Чүй облусунда – 34,
- Ош облусунда – 74,
- Талас облусунда – 3,
- Нарын облусунда – 7,
- Ысык-Көл облусунда – 12,
- Жалал-Абад облусунда – 22,
- Баткен облусунда – 19.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 436 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 173 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Сутка ичинде стационардан 6, үй карантининен 9 медкызматкр чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 156 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 776 медкызматкер айыгып чыкты.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 116 миң 546 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 105 миң 932 киши айыгып чыкса, 1 миң 945 адам каза болду.